Загрузка документа…
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-сентябры №1
Октябрь айылдык аймагынын кеӊеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеӊеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун карап, талкуулап, Октябрь айылдык Кеӊештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылдык аймагынын кеӊеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеӊеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык Октябрь айылдык аймагынын кеӊешинин регламенти жетекчиликке алынсын.
2. Регламент иштелип чыгып, бекитилип, Ысык-Көл областтык юстиция бөлүмүнүн каттоосунан өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Октябрь айылдык округунун айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Т.Асеков |