Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 21/9
Кум-Дөбө айыл аймагындагы жарандарга берилүүчү
маалыматтардын бааларын (тарифтерин) бекитүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан элге кызмат көрсөтүүдө маалыматтардын бааларын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын маалыматты угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндө акы алып кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
-үй-бүлө тууралуу маалымат-5 сом
-жашагандыгы тууралуу маалымат-5 сом
-менчик малын сатууга маалымат-5 сом
-каттоого отургузуу, каттоодон чыгуу-5 сом
2. Айыл өкмөтү боюнча жеңилдик берүү максатында 30.04.2001жы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик пособиелер жөнүндө мыйзамынын 28-беренесине ылайык, соц. жардам, соц. фонд бөлүмүнө берилүүчү маалыматтарга жана атайын кайрылган учурларда, райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө, райондук сотко, райондук военкоматка берилүүчү маалыматтар акысыз берилсин.
3. Айыл өкмөтүнө үй бүлө жана жашагандыгы тууралуу маалымат, менчик малына маалымат берүү жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдраимова, А.Касмалиева жана М.Дүйшөкуловаларга милдеттендирилсин.
4. Айыл тургундарга өз убагында мал мүлкү тууралуу жана үй бүлөлүк маалымат берүү менен чарба китепте катталгандыгы негизинде берүүгө жана камсыз кылууда туура эмес берилсе жоопкерчиликке тартылаары эскертилсин.
5. Кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын эсебине топтолуп, айыл өкмөтүнүн канцелярдык чыгымдарына пайдалансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловго тапшырылсын.
Кум-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кадыров |