Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-сентябры №46
Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген айылдык кенештин Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгып, 2008-жылы 15-октябрда айылдык кеңештин XXV чакырылыштагы I сессиясында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, айылдык кеңештин регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз Республикасынын алынган 2011-жылдын 15-июлдагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Айылдык кеңештин 2008 - жылдын 15-октябрындагы XXV чакырылыштагы I сессиясынын №1 “Айылдык округдун кеңешинин регламенти жөнүндө” токтомуна Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
3. Оргочор айылдык округдун кеңешинин 2008 - жылдын 15-октябрындагы XXV чакырылыштагы I сессиясыда бекитилген “Айылдык округдун кеңешинин типтүү регламентинин” 2-главасынан 16-бөлүгү “айылдык округ башчысын шайлоо” төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
4. Оргочор айылдык кеңеши өз ишмердигинде ушул регламентти жетекчиликке алсын.
5. Айылдык кеңештин регламентин юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Бейшембаевага тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Бейшембаевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Т.Букараев
|