Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 10/1
Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан акча каражатына кой кырккан аппарат жабдыктарын алуу жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 10-кезексиз сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетине АРИС тарабынан каржыланып жаткан акча каражатына кой кырккан аппарат жабдыктары алынсын.
— Бирлик айылына 2 кайчы аппарат жабдыктары менен,
— Ак-Моюн айылына 3 кайчы аппарат жабдыктары менен алынсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |