АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 10/3
Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылындагы ФАПка
Турар Бекболотованын ысымын берүү жөнүндө
Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 10-кезексиз сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылынын жалпы Элдик чогулушунун 2016-жылдын 29-январындагы №1 токтому, Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып, Турар Бекболотованын ысымы Бирлик айылындагы ФАПка берилсин.
2 .Бул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жана Бирлик айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |