Редакцияот 12.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2016-жылдын 12-февралы № 1/1

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2015-жылдан калган калдык акчаларды бөлүштүрүү жөнүндө

Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2015-жылдан калган 764805(жети жүз алтымыш төрт миӊ сегиз жүз беш) сом калдык акчалар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

№

Бөлүнгөн акчалардын багыттары:

Суммасы (сом):

1.

Ак-Моюн айыл өкмөтүнө, 2015-жылдагы электр энергиянын карызына

482172

2.

Ак-Моюн айыл аймагындагы курулуп жаткан объектилерге көз карандысыз эксперт жалдоого

63500

3.

Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымына компенсацияга

7900

4.

Социалдык фондго чегерүүлөр

1400

5.

А.Койчуманов орто мектебине БУУнун азык түлүк программасы боюнча бекер тамак-аш азыктарын алып келүүгө транспорт чыгымына

7500

6.

Ак-Моюн айылындагы мечиттин документациясын бүткөрүүгө

30000

7.

Ак-Моюн айыл аймагындагы ит-мышыктарды атууга

10000

8.

Афган согушунун катышуучуларына өткөрүлө турган иш чараларга

5000

9.

Баткен коогалаӊынын катышуучуларына өткөрүлө турган иш чараларга

5000

10.

«Бирлик-Таазими» бала бакчасынын тамак-ашына

15000

11.

«Тамчы-Булак» балдар бакчасынын тамак-ашына

25000

12.

«Бирлик-Таазими» балдар бакчасынын аренда акысына

56000

13.

Ак-Моюн айылынын тургуну жардамга муктаж, Гульфуяз Намазбаевага тамак-аш азыктарынан жардам берүүгө

10000

14.

Ак-Моюн айыл аймагындагы таштанды таштоочу жайлардын схемасын чийдирүүгө жана айланасын ирээтке келтирүүгө

15000

15.

Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүгө концелярдык товар алууга

13672

16.

Ак-Моюн айылындагы жаштар уюмун юстициядан каттоодон өткөрүүгө

5000

17.

Ат-Башы районундагы Кыргызтелекомдун филиалына

4461

18.

Жеке ишкер Б.Асанкуловго 2016-жылга карата  www.Ak-moyun.org.kg сайтына (домен, хостингге)

8200

19.

БАРДЫК СУММА:

764805

 

2.Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Ак-Моюн айылдык

Кеӊешинин төрайымы

Г. Аттокурова