Загрузка документа…
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылынын 12-сентябры №47
Айыл Кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген айылдык Кеңештин типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгып, Тамга айылдык Кеңешинин ХХV-чакырылышынын 2008-жылдын 26-ноябрында II-сессиясында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтому менен айылдык кеңештин регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз Республикасынын алынган 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтому айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-Мыйзамы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Тамга айылдык Кеңешинин XXV-чакырылышынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы II-сессиясынын №5-токтомундагы бекитилген “Айылдык кеңештин регламенти жөнүндө” токтомуна Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесинин 1-пунктуна ылайык төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
3. Тамга айылдык кеңешинин 2008-жылдын 26-ноябрындагы ХХV-чакырылышынын II-сессиясында бекитилген «Айылдык округдун кеңешинин типтүү регламентинин» 2 - главасынын 16-бөлүгү “айылдык округдун башчысын шайлоо” төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары – аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
4. Тамга айылдык кеңеши өз ишмердигине ушул регламентти жетекчиликке алсын.
5. Айылдык кеңештин регламентин юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Курманбек уулу Каныбекке тапшырылсын.
6. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Курманбек уулу Каныбекке милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Курманбек уулу Каныбекке милдеттендирилсин.
Тамга айылдык Кеңешинин төрайымы |
К.А.Эркинбаева |