ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 6
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Папан айыл аймагындагы Ак-Буура 3 айылынын тургундарынын 2015-жылдын 12-октябрындагы протоколунун негизинде Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын Ак-Буура 3 айылындагы аты жок көчөгө Калмамат Туташов атындагы көчө болуп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |