Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 8
Ош областынын райондор аралык сотунун чечимин кароо жөнүндө
Ош областынын райондор аралык сотунда 2014-жылдын 2-апрелинде каралып Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн үлүш ээлеринин пайдасына чечилип үлүш жылдырылбай калсын деген чечим кабыл алынгандыктан, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкан кыштак учаткасындагы 1,86 га жер Учар участкасындагы 102-контурдагы 1.86 га жерге жылдырылсын.
2 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |