Загрузка документа…
ТЕПКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №57
Тепке айылдык Кеӊешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Тепке айылдык аймагынын кенеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кенеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык карап, талкуулап, Тепке айылдык Кенештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тепке айылдык аймагынын кеӊеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кенеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык Тепке айылдык аймагынын кеӊешинин регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Директорунун 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген “Айылдык кенештин типтуу регламенти” күчүн жоготсун.
3. Бекитилген “Айылдык кеӊештин типтүү регламенти” райондук “Ак-Суу баяны” газетасына жарыялансын.
4. Бекитилген “Айылдык кеӊештин типтүү регламенти” областтык юстиция башкармачылыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеӊешини катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Тепке айылдык округунун Айылдык Кенешинин төрайымы |
Г. Жолдошева
|