ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 9
Дыйкан кыштак участкасындагы 1507 контурдагы 0,70 га жерди Төлөйкөн айыл тургундарына
токтом чыгарууну кароо жөнүндө
Дыйкан кыштак участкасындагы 1507 контурдагы 0,70 га жерди үлүш ээлери менен макулдашылган келишимдин негизинде, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкан кыштак участкасындагы 0,70 га жер аянтына Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарына 0,70 га Папан айыл өкмөтүнөн токтом чыгарылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |