Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 10
Учар участкасынын жер алуучу тургундарга жер берүү жөнүндө
Учар участкасындагы 26 га жер үстүнөн 102-контурдагы жерден 5.0 га жер, жер алуучу тургундардын арызынын негизинде жер берүү үчүн түзүлгөн жер комиссиясынын тизме менен 0.04 га жерден берүү сунушун карап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учар участкасындагы 26 га жер үстүнөн 102-контурдагы жерден 5.0 га жерден, жер алуучу тургундардын арызынын негизинде жер комиссиясында каралган тизме менен 0.04 га берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |