Редакцияот 20.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-ноябры № 11

Арал участкасынын жер алуучу тургундарга жер берүү жөнүндө

Арал участкасындагы мечиттин жанындагы 2.55 га жер, жер алуучу тургундардын арызынын негизинде жер берүү үчүн түзүлгөн, комиссиясынын сунушун карап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал участкасындагы мечиттин жанындагы 2.55 га жер, жер алуучу тургундардын арызынын негизинде жер комиссиясында каралган тизме менен берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Бактыбаев