Редакцияот 20.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-ноябры № 12

Ак-Терек участкасынан жер алуучу тургундарга жер берүү жөнүндө

Арал зонасынын Ак-Терек участкасындагы 1.8 га жер, жер алуучу тургундардын арызынын негизинде жер берүү үчүн түзүлгөн, комиссиясынын сунушун карап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал зонасынын Ак-Терек участкасындагы 1.8 га жер, 0.05 г дан жер алуучу тургундардын арызынын негизинде жер комиссиясында каралган тизме менен берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Бактыбаев