Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 13
Андагүл участкасынан жер алуучу тургундарга жер берүү жөнүндө
Андагүл участкасындагы эч кимдин уруксаты жок тосуп алган тургундардын жерлерин тактоо үчүн түзүлгөн комиссиясынын корутундусун карап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Андагүл участкасындагы эч кимдин уруксаты жок тосуп алган тургундардын жерлери комиссиянын корутундусу боюнча такталгандыгына байланыштуу, жер алуучу тургундардын арызынын негизинде, комиссияда каралган тизме менен 0.08 га жерден берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |