Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 14
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу берүү жөнүндө
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери Арал, Жыналач, Ак-Буура 1,2,3,4, Коргон, Тогуз булак, Орток, Таш короо, Коргон участкаларындагы суулуу кайрак, айдоо, Алма бак, Терек бак жана Ак терек участкасындагы Ош-Ноокат жолундагы жерлерине чыгарылган токтомдор жана келишимдер соц фонд салыгын өзгөрүлбөгөндүгүн жана аукцион аркылуу берилбегендигин эске алып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери Арал, Жыналач, Ак-Буура 1,2,3,4, Коргон, Тогуз булак, Орток, Таш короо, Коргон участкаларындагы суулуу кайрак, айдоо, Алма бак, Терек бак жана Ак терек участкасындагы Ош-Ноокат жолундагы жерлерине чыгарылган токтомдор жана келишимдер соц фонд салыгын өзгөрүлбөгөндүгүн жана аукцион аркылуу берилбегендигине байланыштуу, жокко чыгарылып жана аукцион аркылуу берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |