Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 15
Папан айыл аймагындагы жерлердин ижара келишиминин мөөнөтүн аныктоо жөнүндө
Папан айыл аймагында 2016-жылдан баштап суулуу жерлердин, жогорку чын алуу астындагы жерлердин, участкага берилген жерлердин жанындагы кыйтык жерлер, кайра айдоо чөп чабык, Алма бак, Терек бак эгилген жерлердин ижара келишимдеринин мөөнөттөрүн тактоо боюнча сунуштарды жана ченемдик укуктук актыларды талдап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдан баштап суулуу жерлер 3 жылга, жогорку чын алуу астындагы жерлер жана участкага берилген жерлердин жанындагы кыйтык жерлер 5-10 жылга чейин, кайра айдоо, чөп чабык жерлер 1-5 жылга чейин, Алма бак, Терек бак эгилген жерлерди 1-3 жылга чейинки мөөнөттө келишимдери белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына (И.Абылкасымовго) милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |