Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 16
Учар участкасындагы баняга көрсөтүлгөн жердин ген планын өзгөртүү жөнүндө
Папан айыл аймагындагы 2005-жылы Учар участкасындагы банянын орду генплан боюнча кайырма каналына 18 метр жакын жайгашкандыктан, баня салууга мумкун болбогондуктан аны калктуу конушка которуу маселесин сеесияда карап, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-августундагы № 377 “Ош облусунун Кара-Суурайонунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө» Токтомун жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учар участкасындагы банянын орду генплан боюнча кайырма каналына 18 метр жакын жайгашкандыктан, баня салууга мумкун болбогондуктан калктуу конушка которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |