ТоктомКүчүндө

Папан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 17 «Папан айыл аймагындагы салыктардын зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция20.11.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-ноябры № 17

Папан айыл аймагындагы салыктардын зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

Папан айыл аймагындагы Суулуу, кайрак айдоо, көп жылдык бак-дарактар, чөп чабыктардын салыктарын бекитүү боюнча сунуштарды жана ченемдик укуктук актыларды карап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суулуу, кайрак айдоо, көп жылдык бак-дарактар, чөп чабыктардын салыктары тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Бактыбаев