Редакцияот 20.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-ноябры № 18

Ош-Ноокат жолундагы таштак жайыт эсебиндеги жерди категорисын которуу жөнүндө

Папан айыл аймагындагы Ош-Ноокат жолунун боюндагы 10,2 га Таштак жайыт эсебиндеги жерди таш талкалап чыгаруу үчүн башка категорияга которуу маселесин карап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош-Ноокат жолунун боюндагы 10,2 га Таштак жайыт эсебиндеги жерди таш талкалап чыгаруу үчүн башка категорияга которуу жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Бактыбаев