Загрузка документа…
АК-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Суу райондук Кеӊешинин (XXV шайланышынын) кезексиз сессиясы
2011-жылдын 9-сентябры №102
Ак-Суу райондук Кеӊештин регламентин бекитүү жөнүндө» райондук Кеӊешинин сессиясынын 2008-жылдын 14-октябрындагы №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык Ак- Суу райондук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Ак-Суу райондук Кеӊешинин регламентинин 2 бөлүмүнө өзгөртүү киргизилсин:
а) районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясынын, болжонун, пландарын жана программасын, райодо айлана чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткаралышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
б) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайн фондорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
в) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
г) тиешелуу аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
д) жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысын- акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү
е) райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
ж) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
з) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
и) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
к) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
л) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын колдоо;
м) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
н) мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак-жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
о) райондук маанидеги социалдык -маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү маселелерди макулдашуу;
п) райондук маанидеги илимий, окуу - тарбия, маданий тарбия, жаштардын спорттук иш - чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
р) Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч - аракеттерди бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата-мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
с) райондун символикасын бекитүү;
т) судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
у) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер
2. Райондук кеңештин регламентин юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү райондук кеңештин жооптуу Р Садыровага тапшырылсын.
3 Токтомду райондук “Ак-Суу баяны” газетасына жарыялоо Э Садабаевге тапшырылсын.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттардын этикасы комиссиясына, райондук кеңештин жооптуу катчысы Р.Садыровага милдеттендирилсин.
Ак-Суу Райондук Кеӊешинин төрагасы | А.Сагынбаев |