ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 20-ноябры № 19
Мечитти жанылоо жөнүндө
Папан айыл аймагындагы борбордук мечиттин эскилиги жетип, азыркы учурда аянты тар болуп жаткандыгы боюнча кайрылган тургундардын маселесин карап чыгып, Папан айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин” жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагындагы борбордук мечиттин эскилиги жетип, азыркы учурда аянты тар болуп жаткандыктан жаны мечит курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |