Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № XXVII-2
Гулистан айыл аймагын 2015-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жана 2016-жылга планын бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясына” жана Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде тездетилген экономикалык өсүшү жана социалдык жактан камсыздоочу программа болуп эсептелет.
Экономиканын өнүгүүсүнө элдин жашоо абалын жакшыртууга,социалдык маанидеги маселелрди чечүүгө, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана жумушсуздукту кыскартууга багытталган программада айыл аймагындагы колдо бар ресурстарга жана экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.
Бул программа айыл калкынын кароосуна сунушталып, өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү менен Гулистан айыл Кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 3 сессиясында бекитилген.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы 2015-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын 2016-жылга болжолдолгон стратегиялык планы жумушчу топ тарабынан айылдарда өткөрүлгөн жалпы жыйындарда талкууланып, өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү сунуштарды эсепке алып, бекитилсин. (Айыл аймагынын 2016, 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планы тиркелет).
3. 2016-жылга Гулистан айыл аймагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |