Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № XXVII-4
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2015-жылдагы аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2014-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти толугу менен аткарган. Айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен. Гулистан айыл кеңешинин ХХVII-сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2015-жылда аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2.Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга бюджети бекитилсин.
3.Жайыт комитетинин 2016-жылда жайыт инфраструктурасын өңдөө боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 1-протоколу бекитилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |