Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № XXVII-6
Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” суудан пайдалануучулар ассоциациясынын
2016-жылдын 13-февралындагы № 1-протокол-токтомун бекитип берүү жөнүндө
2016-жылдын 13-февралында Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” СПА сынын жалпы жыйынында СПА нын 2015-жылда аткарган иштери жана 2016-жылга бюджети бекитилген. Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” СПА сынын 2015-жылга СПА нын бюджетин бекитүү жөнүндөгү 2015-жылдын 10-февралындагы № 1 –протокол-токтому бекитилсин.(тиркелет)
2. Суудан пайдалануучулардан өндүрүлүүчү суу акы 1 гектарына 1000 сом өлчөмүндө өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. “АСИР” СПА сынын “Сугат суу каналдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алынган насыясын өз убагында төлөнүшүн туруктуу көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
Гулистан айыл аймагындагы «Асир» суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өкүлдөрүнүн отчёттук жыйынынын
№ 1 ПРОТОКОЛУ
Фрунзе айылы13-февраль 2016-жыл.
Чогулушка катышкандар: СПА нын мүчөлөрүнүн өкүлдөрү, СПА нын кеңешинин мүчөлөрү, талаш-тартыш жана тартыш комиссиясынын мүчөлөрү, Ноокат районундагы СПА нын өнүктүрүү боюнча башкы адиси А.Касымов, СЭП долбоорунун өкүлдөрү.
Чогулушту баштоо менен президиумга 5 адам шайланып, Чогулуштун төрагасы: И.Айбашов Катчысы: А.Эркебаев Чогулуштун регламенти : Докладчыга 15 минут;
Маалымат берүүчүлөргө 5минуттан 10 минутка чейин
Кун тартибиндеги маселе:
“Асир” СПА сынын кеңешинин 2015-жылда аткарган жумуштары боюнча отчёту (маалымат берүүчү Айбашов И).
СЭП долбоорунун алкагында түзүлгөн план жана аткарылган жумуштар.
2015-жылдын бюджети боюнча отчет.
“Асир” СПА сынын текшерүү комиссиясынын отчету(маалымат берүүчү Б.Мирзаев)
СПАнын кеңешинин талаш-тартыш комиссиясынын маалыматы.(маалымат беруучу А.Эркебаев)
2016-жылга болжолдуу бюджетти жана ПИУну бекитүү
СПА нын 2016-жылга болгон иш аракеттерин бекитүү.(СЕП).
СПА нын ички тартиптерин бузгандарга чара көрүү (дарбаза график ж.б.)
СЕП долборун мини грантин таңдоо.
10.Ар түрдүү маселелер
11.Суроо
Кун тартибиндеги 1-маселе боюнча Асир СПАсынын кеңешинин төрагасы И.Айбашев билдирүү берди.
Угулду: СПА нын кеңеши 2015-жылда 4 жолу СПА нын кеңешин отурумун өткөрүп тийиштүү чечимдер кабыл алынды, Суудан пайдалануучулар асоссациясынын Асир СПА сын иштерин туруктуу көзөмөлгө алды. Айрыкча сугат суу каналдары тазалоо мезгилинде элди мобилизациясына вегитация мезгилинде график негизинде эгин талааларын сугат суу менен камсыз кылууда өзүнүн жардамын көрсөтүү. Сел учурунда каналдарды суу жууп кеткен мезгилинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети эсебинен жардам көрсөтүлдү. СПА Асир суудан пайдалануучулар асоссациясынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча 1106700 миң сом түзсө. аткарылганы 543385 мин сом түздү. Бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калганынын негизги себеби суудан пайдалануучуларды оз убактысында суу кызмат акысын бербегендиги СПА нын дирекциясы тарабынан жетерлик иштер жүргүзүлбөгөндүгүнө СПА тарабынан белгиленген ремонт иштери Ноокат райондук суу чарбасынан алынган суу төлөмдөрү толугу менен төлөнгөн. Бирок суу акысынан 250 миң сом өндүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу 2015-жылга көрсөтүлгөн 464698 миң насыя төлөмдөрүнө 67 миң сом төлөнгөн. Мамлекеттик насыя төлөмдөрү боюнча СПА нын суу акысынын белгиленгенде биз насыя төлөмдөрүн эсепке алганбыз, бул маселени биз өзүбүздү чогулушубузда карап тийиштүү көрсөтмөлөрдү бергенбиз. Азыркы күндө СПА га бухгалтер болуп көп жыл эсепчи болуп иштеген С.Алимжанов дайындалды.
Ишканада эсеп жүргүзүлбөсө түшкөн киреше максаттуу пайдаланылбаса белгиленген төлөмдөр өз убактысында төлөнбөйт. Ошол менин сунушум ар бир суудан пайдалануучулар менен келишим түзүү керек. Айыл өкмөтүндө айыл чарба тармагы негизги тармак болгондуктан айыл өкмөтү СПА нын кеңеши СПА га тийиштүү жардамдарды көрсөтүп , аткарылган иштерге туруктуу көзөмөл кылат. Кун тартибиндеги экинчи маселе боюнча СПА нын жетекчиси СЭП долбоорунун аткарган иштери жана 2015-жылга түзгөн пландары боюнча маалымат берди.
Ал эми үчүнчү маселе боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө СПА нын бухгалтери С.Алымжанов билдирүү жасады. Төртүнчү маселе боюнча текшерүү комиссиянын төрагасы Б.Мирзаев билдирүү жасады, ал оз билдирүүсүндө СПА нын бардык финансылык документтерин көрүп чыгылгандыгын, бул боюнча кээ бир финансылык документтер жолго коюлбагандыгын айтып отту. Мураптар алган квитанцияларын убагында тапшырбастан 2-3 айлап колунда кармап жүргөндүктөрүн айтты. Өндүрүлбөй калган суу акыны төлөбөгөн адамдардын тизмеси такталгандыгы бирок эч кандай чара көрүлбөгөндүгүн, бул иштерди жаңы бухгалтер С.Алимжановго жолго коюшун эскертти.
Андан кийинки талаш-тартыш комиссиясынын төрагасы А.Эркебаев 2015-жылда СПАдагы талаш-тартыш маселелер боюнча маалымат берди. Өткөн жыли Кызыл- арик каналында Гулистан жана Кызил-тейит айылдарын тургундары ортосунда талаш тартыштар болуп отту, биз барып бу маселени чечип бердик жана башка талаш тартыштар боюнча айтып отту.
2016 жылга карата божомол бюджетинин иш планын бекитүү боюнча СПА нин бухгалтери С Алимжанов маалымат берди. Айыл өкмөтүнүн суулуудагы 750га жерге СПА суу берет жана 100 кожолук менен келишим түзүп, бир гектар жерге 1000 сомдон 750000 миң, 100 кожолуктан 100 сомдон, 100000 миң сом түптөлсө бардыгы болуп 850000 миң сом, СЭП долбору тарабынан 50000 миң сом, баланс 2015 дан 263585 сом бардыгы болуп киреше булаги 1163585 сомду түзөт СПА нын 2016 жылга чыгашалары боюча суу акы төлөмү райондук суу чарбасына бир жылдык толом 130235 сом Эмгек акы учун 326000 сом соц фондго 56235 сом өткөн жылдан калган карыз 39600 сом бардыгы 95835 сом. Транспорттук чыгым 64400 сом Административдик чыгым учун 14800 сом Ички каналдарды ондоого кеткен чыгым 50000 сом Мамлекеттик салык кызматына толом 72300 сом каралбаган чыгымдар 34907 сом Кредит төлөмдөргө 25 142339 сом 100 92268сом. Кр СПАлар союзунун мүчөлүк взносу үчүн 2892 сом Бардыгы болуп чыгымдар 1163585 сом. Урматтуу жыйын катышуучулары насыя төлөмдөрү төлөш учун элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каналдарды ремонттоону элдерди мобилизациялоо жолу менен аткарышыбыз керек. Суу пайдалануучулардан суу акыны өндүрүштү жолго коюу керек деп өз пикирин билдирди.
Жетинчи маселе боюнча СПА нын жетекчиси М Режабалиев сөз сүйлөдү. СЕП долбору менен биргеликте СПА нын 2016 жылга болгон иш аракеттерин бекитүү боюнча маалымат берди.
Сегизинчи маселе боюнча кенештин төрагасы сүйлөдү СПА нын ички тартиптерин бузгандарга чара көрү каналдардагы дарбазаларды жана графикти бузган суу пайдалануучу ларга чара көрүлбөсө проект менен аткарылган иштер тез араны ичинде жараксыз болорун айтты. Дарбаза бузгандарга 10000 сом, графикти бузгандарга 3000 сом штраф салып бериштериңизди суранамын деп талкууга салды. Келген өнүлдөр бир добуштан колдоого алышты. Тогузунчу маселе боюнча СЕП долборунун мини грантын тандоо туурасында СПАнын төрагасы М.Режабалиев сөз сүйлөдү. Мини грантка эки долбоор сунушталган, биринчиси отвод №8 каналга 40м узундуктагы турба орнотуу, экинчиси СПАга керектелүүчү орг техникаларды сатып алуу. СПА нын төрагасы бул долбоорлор жөнүндө кеңири түшүнүк берди жана бул эки долбоордун бирин тандап берүү учун колго салынды. Жыйынтыгында 27 өкүлдөрдүн колдоосу менен орк техникаларды сатып алуу боюнча долбоор колдоого алынды.
Онунчу маселе боюнча өкүлдөр ар кандай сунуштарды айтышты, негизги маселе болгон суу акыны топтоо жана мураптардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча сунуш киргизишти. Жогорудагы маселе боюнча Кеңештин төрагасы жыйынтыктап дебитордук карыздарды өндүрүү насия төлөмдөрү төлөө керектигин баса белгиледи. Бул маселе боюнча айыл өкмөтү дагы көмөк көрсөтүшүн айтты.
11-маселе боюнча төмөнкүдөй сунуштар айтылды.
А) 2015-жылда СПА да жакшы өзгөрүүлөр болду. СПАнын кызматкерлери жана СПА мүчөлөрүндө суудан эфективдуу пайдалануу боюнча түшүнүктөр пайда болду.
Б) СЭП долборунун өткөргөн семинарларынын натыйжасында СПА нын кызматкерлери жана СПАнын мүчөлөрү өз милдеттерин жана укуктарын билишти.
В) Бизде СПАда суу болуштуруу графиги анык түзүлүп ,элге өз убагында суу берилишин , элдердин сууга болгон төлөдөрүн өз убагында толошун каалайбыз.
Г) Ар бир суу пайдалануучу менен жеке келишим түзүлүшүн, СПА нын мыйзамдары толук иштешин тилейбиз.
АСИР СПА сынын өкүлдөрүнүн жалпы жыйналышы жогорудагы маселелерди карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СПА нын 2015-жыл аткарган иштери кемчиликтерин белгилөө менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. “АСИР” СПА сынын сугат суудан эфективдуу пайдалануу долбоорунун алкагында түзүлгөн план жана аткарылган жумуштар канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. СПА нын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы кемчиликтерин белгилөө менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
4. СПА нын 2015-жылда текшерүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн иштерди канааттандырарлык деп белгиленсин.
5. СПА нын 2015-жылда талаш тартыш комиссиясында жүргүзгөн иштер канааттандырарлык деп белгиленсин.
6. СПА нын 2016-жылга болжолдуу бюджети өзгөртүү толуктоолор киритүү менен бекитилсин.
7. СПА нын СЭП долбору менен 2016-жылга биргелешкен иш аракеттер планы бекитилсин.
8. СПА нын ички тартиптерин бузгандарга чара көрүү боюнча акчалай жазана салуу сунушуу бекитилсин.
9. СЭП долборун мини гранты боюнча “АСИР” СПА сынын ортехника менен камсыз кылуу долбооруу жактырылсын.
10. “АСИР” СПА сынын 2016-жылы болжолдуу бюджетин жана комуналдык кызмат тарыфтерин бекитип берүү жагы айылдык кеңештин кезектеги сессиясынан суралсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы СПАнын кеңешине тапшырылсын.