Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № XXVII-8
Гулистан айыл аймагындагы балдар бакчаларынын коммуналдык кызмат көрсөтүүсүнүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында азыркы күндө 2 балдар бакчасы: “Гулистан-Теремок” жана Фрунзе айылында “Гүл бакча” балдар бакчалары иш жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы “Билим берүү мекемелеринин Республикалык бюджеттен каржылануусу жөнүндөгу” мыйзамынын негизинде мамлекет тарабынан эмгек акысы, соцфонд төлөмдөрү төлөңүшү көрсөтүлгөн.Коммуналдык чыгымдар жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланышы милдеттендирилген.Айыл аймагындагы балдар бакчаларынын ата-энелер комитеттеринин жалпы жыйналышы балдардын тамак-ашы, коммуналдык чыгымдары үчүн ар бир бала үчүн айына 500 сомдон төлөө боюнча токтом кабыл алышкан.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы “Теремок-Гулистан” жана “Гүлбакча” балдар бакчаларынын ата-энелер комитеттеринин жалпы жыйындарынын тамак-аш жана коммуналдык чыгымдарга ар бир бала үчүн 500 сомдон төлөө жонүндөгү токтомдору бекитилсин.
2. Балдардын бир күндүк тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төлөнгөн акча каражаты 20 (жыйырма) сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир баланын тамак-ашы үчүн 9 (тогуз) сом акча каражаты каралып, ар бир бала үчүн бир күндүк тамак ашы үчүн 29 (жыйырма тогуз) сом кылып бекитилсин.
3. Балдар бакчаларынын башка чыгымдары бекитилген сметанын негизинде жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция бюонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |