Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 8-сентябры №129
Райондук кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Райондук кеңештин Типтүү Регламенти Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамынынң негизинде иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улутгук агенттигинин 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген райондук кеңештин Типтүү регламенттин негизинде иштелип чыгып, 2008-жылы 14-октябрда райондук кеңештин XXV чакырылыштагы 1 сессиясында кабыл алынган.
2011-жылы 15-июлда № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынып, райондук кеңештин регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган №96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 08/02 токтому менен райондук кеңештин регламентине өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча сунушунун негизинде райондук кеңештин XVIII сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2008 - жылдын 14-октябрындагы жаңы кабыл алынган № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 08/02 токтому аткарууга алынсын.
2. Райондук кеңештин 2008 - жылдын 14-октябрындагы XXV чакырылыштагы I сессиясынын № 1 "Райондук кеңештин регламенти жөнүндө" токтомуна Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
Райондук кеңештин регламентинин 2-главасынан кийин IV бөлүк "Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызмат ордуна дайындалуучу сунушталган талапкерлиги тууралуу райондук кеңештин депутаттарынын чечими" киргизилип, төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
IV БӨЛҮК
-Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүүгө;
-Райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына ишеним көрсөтпөөгө;
-Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14 - июлундагы №96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамынын 15 - беренесине ылайык акимге райондук кеңештин депутаттары тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Премьер -министри аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же райондук кенештин чечимине макул болбоого укуктуу;
-Эгерде райондук кеңештин депутаттары үч айдын ичинде акимге ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер - министри аны ээлеген кызмат ордунан бошотот.
14.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459-токтому менен бекитилген "Райондук мамлекеттик администрация башчысына акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобонун" негизинде райондук мамлекеттик администрация башчысы -акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук кеңешке берилет.
14.2. Райондук кеңеш Премьер - министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер - министрге киргизет.
14.3. 0н беш жумушчу күндүн ичинде райондук кеңеш талапкерди аныктай албаса, же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер - министр райондук кеңешке башка талапкерлерди (учтен кем эмес) сунуш кылат.
14.4. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы -акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси катышкан учурда болуп өттү деп эсептелинет.
14.5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин кызматына коюлуучу талаптар боюнча акимдин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкерлердин документтеринин, маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү уюштурат.
14.6. Премьер - министр аны дайындоо жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат.
1-глава 1.1. пункту "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамы деген сөздөн "жана жергиликтүү мамлекеттик администрация" деген сөз алынып салынсын.
-"Райондук кеңеши райондун" деген сөздөн кийин "аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун" деген сөз менен толукталсын.
-Райондук кеңештин компетенциясы главасынын 2.1. пунктунун
6).-бөлүмчөсүнөн кийин төмөндөгү бөлүмчөлөр менен толукталсын:
7). мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8). мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9). кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10). райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11). райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын колдоо;
12). Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) .мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак-жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок объектилерин куруу жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14). райондук маанидеги социалдык -маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү маселелерди макулдашуу;
15). райондук маанидеги илимий, окуу - тарбия, маданий тарбия, жаштардын спорттук иш - чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16). Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч -аракеттерди бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматгарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу же жуьгуштарды аткаруу максатында ата-мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматгарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17). райондун символикасын бекитүү;
18). судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19). Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
3. Жети- Өгүз райондук кеңеши өз ишмердигинде ушул регламентти жетекчиликке алсын.
4. Райондук кеңештин регламентин юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү райондук кеңештин жооптуу катчысы З.Курбановага тапшырылсын.
5. Токтомду райондук "Жети-Өгүз жаңылыгы" газетасына жарыялоо Т.Ишебаевге тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттардын этикасы комиссиясына, райондук кеңештин жооптуу катчысы З .Курбановага милдеттендирилсин.
Райондук кеңештин төрагасы
| Ж.Кыдыев
|