Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № XXVII-10
Айыл аймагындагы мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, аларды дарылоо боюнча ветеринардык сервистердин элге кызмат көрсөтүүсүн бааларын бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2016-жылдын 1-январына карата ири мүйүздүн малдардын жалпы саны-2784, кой-эчкилердин саны-5550, жылкынын жалпы саны-230 түзгөн. Элдердин мал-жандыктардын тейлеп, клиикалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө боюнча кызматтарды “Айболит” ветеринардык сервиси жүргүзөт. Элге кызмат көрсөтүу боюнча бааларды белгилөө үчүн Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын сунушталган баалр көрпсөткүчү айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр-жай жана инженкердик инфраструктуралар боюнча турукттуу комиссиясында көрүп чыгылды.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы элдердин мал-жандыктарына кызмат көрсөтүү боюнча Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын сунуштаган баалар көрсөткүчү бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы элдердин мал-жандыктарына кызмат көрсөтүүнү жогоруда бекитилген баалар көрсөткүчүн негизинде жүргүзүү айыл аймагындагы “Айболит” ветсервисинин жетекчиси А.Расуловго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр-жай жана инженердик инфраструктуралар боюнча турукттуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |