Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № XXVII-11
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына акча каражатынын калган калдыкты 1-тиркемеге ылайык иштетүү бекитилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин сапар чыгымдарына болгон акысы үчүн 20,1 мин сом жана күндөлүк керектелүүчү товарларды сатып алуу үчүн 20,9 мин сом айыл өкмөтүнүн имаратын ремонту үчүн 168,0 мин сом бардыгы болуп 270,6 мин сомду Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
3. Гулистан айыл өкмөтүнүн Кочкор- Ата участогунун жерлеринин жер асты сууларын качыруу үчүн түзүлгөн проектке төлөө үчүн 21,0 мин сом ажыратылсын.
4. Гулистан айыл өкмөтүнүн мектептерин ремонттоо үчүн 48 мин 300 сом жана Р.Хожамов атындагы мектептин спорт залын ремонттоо үчүн 250 мин сом .Гулбакча” балдар бакчасына жылытуучу эмеректерди сатып алуу үчүн 50 мин сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
5. Гулистан айыл аймагындагы көчөлөрүн ремонттоо жана шагал төшөө үчүн 894,9 мин сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
6. Гулистан айыл өкмөтүнүн “Теремөк–Гулистан” балдар бакчасына тамак-аш сатып алуу үчүн 25,9 мин сом Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кенешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |