Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга айылдык бюджети жана 2017-2018-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга каралган айылдык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелуу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 25947,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2016-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2016-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегеруу, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016 жылдын киреше булактарынан киреше салыгы боюнча 3000,0 мин сом, саатудан алинуучу саликтан 600,0 мин сом бекитилген план 3600,0 мин сомга кем аткарылсу болжолу бардыгынан жыл ичинде түзөөтүүлөр жүргүзүлсүн.
4.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2017-жылга 25862,3 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6821,2 мин сом менен) жана 2018-жылга 27103,9 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6499,8 мин сом менен) белгиленсин.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6 Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
7. 2016-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 80,0 мин сом суммасында белгиленсин.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
9. 2016-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан тушкон каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыйгарылсын.
10. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүнжана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
11. Ноокат районунун 2014-жылдагы айылдые бюджеттин киреше бөлүгү 22505,8 мин сомго, чыгаша бөлүгү 22402,8 мин сомго же кирешенин чыгашадан 103,0 мин сомго кем аткарылгандыгы № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
12. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын жаны-Ноокат айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |
| Депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (5 чакырылышы) кезектеги 27 сессиясынын № 1 токтомуна № 1 тиркеме |
Жаны-Ноокат айыл окмотунун 2016--жылга айылдык бюджети
(миң сом)
Салык агенти тологон киреше салыгы | 7035,0 |
Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 143,0 |
Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 1670,0 |
Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 225,0 |
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 1704,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 320,0 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 722,1 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 385,0 |
Сатуудан тушкон салык | 2581,0 |
Роялти | 40,0 |
Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 200,0 |
Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 82,0 |
Жайыт ижарасы учун акы | 5,0 |
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 600,0 |
Таштанды толому | 160,0 |
Мамлекеттиктик алымдар | 120,0 |
Атайын каражаттар | 1950,0 |
Административтик штрафтар | 25,0 |
Толуктоочу грант | 7979,9 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 25946,8 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 5217,6 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 210,0 |
Айыл чарбачы | 880,0 |
Коммуналдык Чарба | 10176,4 |
Маданият | 742,5 |
Билим берүү | 6560,3 |
Социалдык коргоо | 210,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 25496,8 |
| Депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (5чакырылышы) кезектеги 27 сессиясынын № 1 токтомуна № 2 тиркеме |
Жаңы-Ноокат өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин болжолу
(мин сом)
Салык агенти тологон киреше салыгы | 7682,0 |
Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы | 0,0 |
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык | 0,0 |
Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 160,0 |
Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 1830,0 |
Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 225,0 |
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 1704,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 320,0 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 722,1 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 385,0 |
Сатуудан тушкон салык | 2831,0 |
Роялти | 40,0 |
Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 200,0 |
Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 82,0 |
Жайыт ижарасы учун акы | 5,0 |
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 600,0 |
Таштанды толому | 160,0 |
Мамлекеттиктик алымдар | 120,0 |
Атайын каражаттар | 1950,0 |
Административтик штрафтар | 25,0 |
Активдер жана милдеттемелер |
|
Толуктоочу грант | 6821,2 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 25862,3 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 5530, |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 250,0 |
Айыл чарбачы | 1250,0 |
Коммуналдык Чарба | 9982,3 |
Маданият | 920,0 |
Билим берүү | 7680,0 |
Социалдык коргоо | 250,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 25862,3 |
| Депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (5 чакырылышы) кезектеги 27 сессиясынын № 1 токтомуна № 3 тиркеме |
Жаңы-Ноокат өкмөтүнүн 2018-жылга айылдык бюджетинин болжолу
(миң сом)
Салык агенти тологон киреше салыгы | 8911,0 |
Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы | 0,0 |
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык | 0,0 |
Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 180,0 |
Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 1830,0 |
Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 225,0 |
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 1704,0 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 320,0 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 722,1 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 385,0 |
Сатуудан тушкон салык | 3145,0 |
Роялти | 40,0 |
Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 200,0 |
Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 82,0 |
Жайыт ижарасы учун акы | 5,0 |
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 600,0 |
Таштанды толому | 160,0 |
Мамлекеттиктик алымдар | 120,0 |
Атайын каражаттар | 1950,0 |
Административтик штрафтар | 25,0 |
Активдер жана милдеттемелер |
|
Толуктоочу грант | 6499,8 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 27103,9 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 5740,0 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 260,0 |
коргонуу |
|
Айыл чарбачы | 1650,0 |
Коммуналдык Чарба | 9963,9 |
Маданият | 1450,0 |
Билим берүү | 7990,0 |
Социалдык коргоо | 250,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 27103,9 |
| Депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги 27-сессиясынын №1 токтомуна № 4 тиркеме |
Жаны-Ноокат окмотунун жергиликтуу бюджетинин киреше булагынын 2014-жылдын аткарылышы
№ | Кирешелердин турлору | 2014-жыл | |||
Бекитилген план | Такталган план | Аткарылышы | % | ||
1 | Салык агенти тологон киреше салыгы | 6200,0 | 5486,7 | 4681,6 | 85,3 |
2 | Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
|
|
|
|
3 | Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык |
|
|
|
|
4 | Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 48,0 | 48,0 | 116,3 | 242,3 |
5 | Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 1350,0 | 1414,0 | 1929,9 | 136,5 |
6 | Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 225,0 | 225,0 | 226,5 | 100,7 |
7 | Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 1540,0 | 1540,0 | 1945,6 | 114,2 |
8 | Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 314,5 | 314,5 | 343,0 | 109,1 |
9 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 722,1 | 722,1 | 746,5 | 10,4 |
10 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 385,0 | 385,0 | 372,6 | 96,8 |
11 | Сатуудан тушкон салык | 2150,0 | 2150,0 | 2553,6 | 118,8 |
12 | Роялти | 38,0 | 38,0 | 60,5 | 159,2 |
13 | Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 454,6 | 454,6 | 500,5 | 100,0 |
14 | Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 82,0 | 82,0 | 114,0 | 139,0 |
15 | Башка салик жана толомдар |
| 9,6 | 9,6 | 100,0 |
16 | Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 580,0 | 580,0 | 652,9 | 112,6 |
17 | Таштанды толому | 142,0 | 142,0 | 154,9 | 109,1 |
18 | Мамлекеттиктик алымдар | 117,0 | 117,0 | 208,2 | 177,9 |
19 | Атайын каражаттар | 1400,0 | 2073,4 | 1942,7 | 93,7 |
20 | Административтик штрафтар | 3,5 | 24,5 | 77,4 | 315,9 |
| Бардыгы : | 15432,1 | 16055,3 | 17799,0 | 110,8 |
22 | Толуктоочу грант | 4706,8 | 4706,8 | 4706,8 | 100,0 |
| Жалпысы : | 20138,9 | 20762,1 | 22505,8 | 108,4 |
| Депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезектеги 27-сессиясынын № 1 токтомуна № 5 тиркеме |
Жаңы-Ноокат өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша булагынын
2014-жылдын аткарылышы
№ | Аталышы | Бекитилген план | Такталган план | Аткарылышы (кассалык чыгаша) | Айырмасы | |
Бекитилген план | Такталган план | |||||
1 | Башкаруу аппараты | 4977,7 | 4977,7 | 4893,0 | 84,7 | 84,7 |
2 | Резервный фонд | 180,0 | 180,0 | 180,9 | 0,0 | 0,0 |
3 | Айыл чабасы | 2340,0 | 3190,0 | 3189,1 | 848,1 | -0,9 |
4 | Коммуналдык чарба | 3622,0 | 4316,7 | 4199,3 | 577,3 | -117,7 |
5 | Маданият | 1254,1 | 1410,0 | 1292,2 | 38,1 | 117,8 |
6 | Билим берүү | 3050,3 | 3051,3 | 2760,2 | -290,1 | 291,1 |
7 | Соц.коргоо | 103,0 | 103,0 | 103,0 | 0,0 | 0,0 |
8 | Активдер | 3390,2 | 4835,9 | 4012,0 | 621,8 | -823,9 |
9 | Атайын каражаттар | 1400,0 | 2073,6 | 1868,5 | 468,5 | -205,1 |
| Жалпысы : | 20317,3 | 24138,2 | 22408,2 | 2090,9 | -1730,0 |