Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 2
2015- чарбалык жылында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн стратегиясынын пландарынын аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн 2016-жылга карата стратегиялык пландары жөнүндө отчету
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү 2015-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык пландарын аткаруу боюнча бир топ ыйгиликтүү иштерди жүргүзүп, жалпысы болуп 91 млн сомдук иштер аткарылган. Аткарылган иштердин негизги бөлүгү социалдык маселелерге каратылган. Айрыкча М Эргашов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонтоо, Амир Темур атындагы орто мектебинин отканасын жана жылытуу системасын капиталдык ремонтоо, Кызыл-Тейит мектебинин жылытүү системасын электр энергиясынан көмүр менен жылытууга өткөрү, Чили-Сай дарыясына көпрөө куруу, Садат Гоя жана Азиз бала бакчаларында кошумча имараттар куруу,Темир Корук мектебинин жаңы имаратын курууга каратылган.
Ушул менен бирге айыл чарбасы үчүн сугат суу жеткизиш кийин болгон сугат жерлерге ДЮКЕР аркылуу сугат суу жеткирүү иштери иш жүзүнө ашырылган.
Ушул иштерди мындан ары улантуу максатында 2016-жылкы айыл өкмөтүнүн стратегиялык пландарынын долбоорун карап чыгыгылып жана талкуланып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31 беренесинин 2-6 пункутунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2015- чарбалык жылында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн стратегиясынын пландарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер канаатандырарлы деп табылсын.
2 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн 2016-жылга карата стратегиялык пландари бекитилсин.
3 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык онүгүсүнүн пландарын аткарууда биринчи кезекте социалдык жана экономикалык багыттарга көнүл буруп, иш жүргүзүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өмөтүнө тапшырылсын.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |