Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 4
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын мал жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүү үчүн көрсөтүлүп жаткан ветеринардык кызматтын баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанытардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын 8- январындагы № 343 катында айыл аймагындагы мал-жандыктарды тейлеп,мал-жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарды дарылоо боюнча көрсөтүлүүчү жеке менчик ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтү боюнча сунушталган кызмат акысын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү жана мыйзамынын 31 бенесинин 2-6 пунктунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын мал жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп,ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана ооруган малдарга дарылоо боюнча көрсотүлүүчү жеке менчик ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтү баасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын 8- январындагы № 343 катында көрсөтүлгөн тарифтер боюнча бекитилсин.(тарифтер тиркелет)
2 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын мал жандыктарын клиникалык кароодон өткөрүп,ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдоо жана ооруган малдарга дарылоо боюнча көрсотүлүүчү жеке менчик ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүнүн сапатын жогорулатуу иштери ветеринардык сервистердин жетекчилерине тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |