Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 5
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында
жайгашкан суу сактоочу жайдагы жерди айыл өкмөтүнүн
муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 2014-жылдын 17- ноябрындагы № 133 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан таза суу сактоочу жай системалык каттоо мезгилинде 5-05-06-1001-3995 санду код берилип,0.53 га жери менен каттоодон өткөн. Ал эми ушул катта көрсөтүлгөн Гойназаров Мамасидик пайдаланып келген 577 чарчы метр жер каттоого алынбагындыгы жөнүндөгү катын, Ноокат райондук пракуратурасынын 05.12.14 № 1\110-14 Жандама айылындагы суу сактоочу жайдагы Гойназаров Мамасидик тарабынан пайдаланылып жаткан 720 чарчы метр жай каттоого алынбагандыгы жөнүндөгү катын, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 5- февралындагы №39 Жандама айылындагы суу сактоочу жайдагы Гойназаров Мамасидик пайдаланып келе жаткан 720 чарчы метр жер, Хошимов Тоир пайдаланып келе жаткан 400 чарчы метр жер, Мирзаев Адил пайдаланып келе жаткан 200 чарчы метр, бардыгы болуп 1320 чарчы метрди Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү катты карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексы жөнүндөгү мыйзамынын 13- беренесинин 2- пункутунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы таза суу сактоочу жайдагы айыл тургуну Гойназаров Мамасидик пайдаланып келе жаткан 720 чарчы метр жерди, Хошимов Тоир пайдаланып келе жаткан, 400 чарчы метр жерди,Мирзаев Адил пайдаланып келе жаткан, 200 чарчы метр болгон, баардыгы болуп 1320 чарчы метр жердин аяты менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Өткөрүлүп берилген 1320 чарчы метр жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алып, мамлекеттик акт алуу жана керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |