Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 9
Жаңы-Ноокат тазалык муниципиалдык ишканасына МТЗ трактору алып берүү үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айылдарында санитардык жана гигеналык абалды туруктуу сактоо,көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу боюнча айыл тургундарынын кайрылууларын карап чыгып, айылдык тазалык муниципиалдык ишканасынын иштерин оңуктүрүү үчүн шарт түзүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” мыйзамынын 7-статьясынын 5-пункутунда ылаыйк Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айылдарында санитардык жана гигеналык абалды туруктуу сактоо, көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу боюнча айыл тургундарынын кайрылууларын карап чыгып, айылдык тазалык муниципиалдык ишканасынын иштерин оңуктүрүү үчүн шарт түзүп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 300000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |