Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 10
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Таш-Коргон көчөсүн асфальтто үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Таш-Коргон көчөсүн асфальттоо үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылууларын карап чыгып, Таш-Коргон көчөсүн инфраструктурасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” мыйзамынын 7-статьясынын 5-пункутунда ылаыйк Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Таш-Коргон көчөсүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300000 (үч миллион) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |