Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-февралы № 14/4
Сары-Булак айылдык Кеңешинин аймагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле жайыттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин Натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу, Жайыт комитетинин трагасын шайлоо, жана бюджетти бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык оругдук кенешинин кезектеги (5-шайланган) №14/4-сессиясынын жыйналышында Сары-Булак айылдык оругунун заседаниесинде каралып жайыт салыгынын көлөмүн белгилеп, бекитип берүү ,жөнүндөгү сунушун карап Депутаттардын Сары-Булак айылдык округунун кенешинин кезектеги (5-шайланган) №14/4-сессиясынын жыйналышынын Сары-Булак айылдык округунун заседаниесинде сунушталган Сары-Булак айылдык округдук кенешинин аймагында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле жайыттар жөнүндө. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин. Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылдык кенешинин депутаттарынын №14/4-сессиясы Жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу, Жайыт комитетинин төрагасын шайлоо жана бюджетти бекитуу жонундогу сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кенешинин кезектеги (5-шайланган ) №14/4-сессиясынын жыйналышы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасын шайлоо боюнча айыл өкмөтүнүн Заседаниесинйн сунушу бекитилсин.
2. Сары-Булак айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар, өткөрүлүп берилсин.
Жайыт комитетинин төмөндөгү сунуштагандары бекитилсин,
2016-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөнүп өлчөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Ири муйуздуу малга бир баш учун 25, 00 сом
Кой, Эчкилерге бир баш учун : 10, 00 сом
Жылкы малдар бир баш учун : 25,00 сом.
3. Сары-Булак айылдык округунун Жайыт комигетине пайдалануучу жайыт участоктору учун жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогорудагы аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу өткөрүп беруу актысына ылайык жайыт инфраструктуурасынын тийешелуу обьектилери өткөрүлүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-булак айыл өкмөтүнүн башчысы К. Матиевге жүктөлсүн.
Сары-булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кенжебаев |