Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын IV сессиясы
2016-жылдын 5-январы № 1
Кара-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Усенов Бейшенбектин 2015-жылдагы жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматын угуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төраганын орун басары К.Иманкуловдун билдирүүсүнугупжанаталкуулап, жергиликтүү Кещештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Усеновдун 2015-жылдагы жүргүзгөн иштери көпчүлүк добуштун негизинде канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин төрагасынын кызмат абалын чечип берүү жагы жайыт комитетинин алдындагы административдик комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчы К.Уметовго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Иманкулов |