Загрузка документа…
ТОӉ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-августу №1
Райондук кеӊештин Регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тон райондук кеӊешинин Типтүү Регламенти Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүңдө" Мыйзамына ылайык. Кыргыз Респчбликасынын жеpгиликтүү өз алчынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен райондук кеӊештин Типтуү регламенттин негизинде иштелип чыгып, 2008-жылы 13-октябрда Тон райондук кеӊешинин IV чакырылыштагы I уюштуруу сессиясында кабыл алынган 2011-жылы 14-июлда № 96 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана 2011-жылдын 15-июлда №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынып, райондук кеӊештин регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз Республикасынын жаӊы кабыл алынган №96 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча» Мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтому менен райондук кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы жаӊы кабыл алынган № 96 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», 2011-жылдын 15-июлда №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтому аткарууга алынсын.
2. Райондук кеӊештин 2008-жылдын 13-октябрындагы IV чакырылыштагы I уюштуруу сессиясынын №1 «Райондук кеӊештин регламенти жөнүндө» токтомуна Кыргыз Республикасынын жзаӊы кабыл алынган №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Райондук кеӊештин регламентинин 12-главасынан кийин IV бөлүк «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызмат ордуна дайындалуучу сунушталган талапкерлиги тууралуу райондук кеӊештин депутаттарынын чечими» киргизилип төмөндөгүдөй редакцияда берилсин.
13.1.Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз аддынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесине ылайык райондук кеӊештин депутаттары төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы акимди кызмат ордуна дайындоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүүгө;
- Райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына ишеним көрсөтпөөгө;
- Кыргыз Республикасынын 2011 -жылдын 14 - июлундагы №96 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык акимге райондук кенештин депутаттары тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Премьер -министри аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же райондук кеӊештин чечимине макул болбоого укуктуу.
- Эгерде райондук кеӊештин депутаттары үч айдын ичинде акимге ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны ээлеген кызмат ордунан бошотот.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы №454-токтому менен бекитилген "Райондук мамлекеттик администрация башчысына акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобонун" негизинде райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талалкерлерди (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ыйгарым укукту өкүлү тарабынап райондук кеӊешке берилет.
14.2 Райондук кеӊеш Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер - министрге киргизет.
14.3.Он беш жумушчу күндүн ичинде райондук кеӊеш талапкерди аныктай aлбaca же акимдин кызматына дайындоо талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук кеӊешке талапкерлерди (үчтөн кем эмес) сунуш кылат.
14.4. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы -акими кызматына дайьноо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү райондук кенештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмес катышкан учурда болуп өттүү деп эсептелинет.
14.5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин кызматына коюлуучу талаптар боюнча акимдин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкердердин документтеринин. маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү уюштурат.
14.6. Премье-министр аны дайындоо жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынат.
1-глава 1.1. пункту "Жергиликтүү өз аддынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө'" мыйзамы деген сөздөн «жана жергиликтүү мамлекеттгик администрация" деген сөз алынып салынсын.
- «Райондук кеӊеши райондун» деген сөздөн кийин «аймагындагы жергилитүү өз алдынча башкаруу» деген сөз менен толукталсын.
- Райондук кеӊештин компетенциясы главасынын 2.1. пунктунун 6)-бөлүмчөсүнөн кийин төмөндөгү бөлүмчөлөр менен толукталсын.
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык аймактык түзүлуш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеӊештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу кеӊештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10. райондук кеӊештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук кеӊештин чечимдеринин аткарылышын колдоо;
12) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кеӊештин aппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык додбоорлук иштерди,курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак-жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок обьектилерин куруу жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү маселелерди макулдашуу.
15) райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракеттерди бириктирүү, анын ичиндекоомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш чаралардыжүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субьекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитүү;
18) судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер;
3. Тоӊ райондук кеӊеши өз ишмердигинде ушул регламентти жетекчилике алсын
4. Райондук кеӊештин регламентин юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү райондук кеӊештин жооптуу катчысы Г.Калдашовага тапшырылсын.
юндч к кенештин регламентин юстиция министрлиги тараоынан ченем,шк ч куздук акт ыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу боюнча иш журңзуч, райойдчк кенештин! жоозпчу катчькы Г.К'алдашовага тапшырылСыН.
5. Токгомду райондук "Эмгекчил" газетасына жарыялоо М.Токсобаевага тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук кеӊештин Кеӊешинин .мамлекеттик коомдук тартип, жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына, райондук кеӊештин жооптуу катчысы Г.Калдашовага милдеттендирилсин.
Депутаттардын Тоӊ райондук Кеӊешинин төрагасы | К.Баялиев
|