Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2015-жылдын 30-сентябры № 1
Кара-Суу айыл аймагында 2015-жылы чет элдик мергенчилик коомунан түшкөн 188 400 сом каражатын жана лицензиядан түшкөн 34 300 сомду бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө чет элдик мергенчилик коомунан түшкөн 188, 400 сом акча каражаты жана лицензиядан түшкөн 34 300 сом акча каражаты бекитилсин.
2. 3112 статьясындагы 21 000 сом пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу бул акча каражаты 2212 статьясына каралсын.
3. Нур-Шоола бала-бакчасына ата-энелерден чогулган акча каражатынан кошумча планга 40 000 сом каралсын.
4. Жогорудагы акча каражаттарын көзөмөлдөп пайдалануу жагы башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Акматалиева |