Редакцияот 20.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын III кезектүү сессиясы

 

2015-жылдын 20-октябры № 3

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кара-Суу айылынын тургуну, ардактуу эс алуудагы Үмөтов Моңолдор Турдиевичке Кара-Суу айылынын «Ардактуу Атуулу»  наамын берүү  жөнүндө

Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу  айылынын тургуну Үмөтов Моңолдор Турдиевичке Кара-Суу жана Дыйкан айылдарынын экономикасынын өсүшүнө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги  үчүн Кара-Суу  жана Дыйкан айылдарынын «Ардактуу Атуулу» наамы берилсин.

 2.«Бул үйдө Ардактуу атуул жашайт» деген табличка илинсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Ж. Акматалиева