Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын VI кезектүү сессиясы
2015-жылдын 21-декабры № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келип түшкөн Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзунан келген кайрылууну кароо жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына тиешелүү Мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзунан келген катынын негизинде «Чеч-Дөбө участкасындагы коомдук егердик үйү турган жердин жер тилкесине тиешелүү документтерин бүткөрүүгө уруксат берүү жана 0,15 га жер тилкесин узак убакытка арендага берүү сунушун канааттандыруу максатында Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы «Чеч-Дөбө» участкасындагы коомдук егердик үйү турган Мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзунан келген катынын негизинде «Чеч-Дөбө участкасындагы коомдук егердик үйү турган жердин жер тилкесине тиешелүү документтерин бүткөрүүгө уруксат берилсин.
2. 0,15 га жер тилкесин узак убакытка арендага берүү сунушу колдоо таппагандыгы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Акматалиева |