Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын VI кезектүү сессиясы
2015-жылдын 21-декабры № 4
Кара-Суу айыл аймагынын жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 25-март 2015-жылдагы № 08-546 катынын негизинде КРнын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
2. Кара-Суу айыл аймагынын катаал климаттык шартын эске алып, жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Ушул токтом айыл аймактын каттоосунан өткөрүлүп, karasuu.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ж. Акматалиева |