Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 21/103
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Өнүгүүсүнүн стратегиясынын негизинде 2014-2017-жылдарга айыл аймагында “ Жол картасынын ” аткарылышы тууралу Т.Абыкеевдин отчету
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кош-Дөбө айыл аймагы боюнча баардыгы 1897 га айдоо аянты бар анын ичинен 2014-жылы жазгы айдап-себүүдө 750 га жерге дан эгиндери айдалып себилгендигин.Жазгы айдап-себүү уюшкандыкта өткөрүлүп жыйынтыгында 750 гектарга арпа-669 га, 81-буудай, 300 гектар картошка, жашылча -3га, таза себүү-113, БЖЧ- 34 га жер айдалган.
Мал чарбасы ветеринардык тейлөө боюнча 4 менчик сервис иш алып барып жаткандыгын алар атайын термочемодан холодилниктер менен жабдылганынын 2015-жыл ичинде жугуштуу оорулардан Бруцеллез оорусуна каршы -1809 баш уйдан кан алынып,серелогиялык жол менен текшерүүгө жөнөтүлүп, 13 баш уйдан илдет чыгып, уйлар ээлери аркылуу жоготулду. Ошондой эле жугуштуу оорулардан ”Оспа” ылаңына каршы 2500 баш кой эчки вакцинацияланган.Эхинакоккоз,альвеококкоз ооруларына карата жыл ичинде Азинокс дарылары менен 411 ит,140 мышыкка берилген.
Инвестиция тартуу боюнча 2014-жылга социалдык чөйрөсүнө багытталган бир топ инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды.
2015-жыл Ормон-Хан атанын банерин кире беришке илүү 6500 сом
2015-жыл БСР Сагымбай калыбына келтирүү 250 000 миң сом
2015-жыл Кара-Күңгөйдөгү Кашаң-Бээ көпүрөсүн оңдоо 25000 миң сом
2015-жыл Кара-Күңгөй айылына трансформатор жаңы орнотулду (Болотбек агай) 300000 миң сом
2015-жыл Кара-Күңгөй айылына трансфарматор ( Итим боку) жаңы орнотулду 150 000 миң сом
2015-жыл Кара-Күңгөй айылына жол салдыруу 2 500 000 сом
2015-жыл Карпа-Күңгөй китепкананы көчүрүү 40 000 сом
2015-жыл Кара-Күңгөй айылына “ Ямма беккари ” 25 000 сом
2015-жыл Кара-Саз айылы ВОВ эстеликти оңдоо 60 446 сом
2015-жыл Кара-Саз бала бакчаны калыбына келтирүү 3 331 700 миң сом
2015-жыл жаштар борборуна инвентар 224321 сом
2015-жыл С.Орозбаков а.о.м. ардак такта жасоого 20 000 миң сом
2015-жыл Кара-Күңгөй айылына банер илүү 10 000 миң сом
2015-жыл Улуттук Кызыл-Ай коому 65 000 миң сом
Жалпы сумма : 7 007 967 сом
Айыл аймагында 2015-жылга карата түзүлгөн “ Жол картанын ” аткарылышы дагы көзөмөлдүккө алынып коюлган долбоорлор ишке ашырылып 3 долбоор аткарылбай 2016-жылдын “ Жол картасына ” калтырылгандыгын белгилеп Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы “ Жол картанын ” аткарылышы боюнча берилген маалымат жактырылсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагындагы ИСКАКБлардын,жайыт кенешинин,СПАнын,коомдук уюмдардын ишин колго алуу,алардын төрагаларынын жоопкерчилигин көтөрүү бекитилген тарифтерди убагында чогултууга жетишүү нү камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. 2015-жылдын жазгы айдап-себүү, күзгү оруп жыюу убагында орун алган кемчиликтерди терең анализдеп тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен 2016-жылдын талаачылык жумуштарына азыртадан даярдык көрүү ,мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу үчун малдын ылаңына каршы ветеринардык тейлөөнү өз убагында жүргүзүүнү уюштуруу,кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максаттуу пайдалануу жана ижара акыларын өндурүү жагы айыл өкмөтүнун жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Калктын жугуштуу ооруларын алдын-алуу максатында профилактикалык иштерди дайыма жүргүзүп туруу,калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөөнү жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүү,үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кадрлар менен камсыз кылуу жагы № 3 ҮДТнун жетекчиси М.Жансеркеевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Добө айыл аймактык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |