Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 21/104
КБФдун жерлерин туура пайдалануу аренда акыларынын чогулушу тууралу жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Тилен уулу Таланттын отчету
Кош-Дөбө айыл аймагында КБФнын 87 га жери бар.Анын ичинен 72 га суу баскан айдоо аянты, 6 га алма бак,калган жерлери чабындыга кирет.Суу баскан айдоо аянттын 69 га жери Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй,Кара-Саз айылнын жашоочуларына 5 жылдык мөөнөт менен 2011-жылдын 25-февралында аукцион аркылуу 34 жаранга арендага берилгендиги тууралу жер турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Талантбек уулу Талгардын маалыматын угуп жана талкуулап. Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КБФнын жерлерин ижарга берүүдө жана пайдаланууда жобонун талаптарын так сактоо менен конкурстарды уюштуруу,фонддун жерлерин бош калтырбоо үчүн дыйкандарга кенири түшүндүрмө берүү,жакыр үй-бүлөлөргө асылдуулугу жогору жерлерден конкурсуз негизде берүү жагы тапшырылсын.
2. Ижарага берилген фонддунун жерлеринен алынуучу акыларды өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыз кылуу жагы жер, айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Тилен уулу Талантга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер, айыл чарбасы боюнча жетектөөчу адис Тилен уулу Талантга тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |