Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 21/105
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңөй, Кара-Саз айылдарынын калкка ичүүчү таза суу берүүнү жакшыртуу, тарифтердин толук чогулушун жана эмгек акыларын көтөрүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын калкка ичүүчү таза суу берүүнү жакшыртуу, тарифтерди толук чогулушун жана эмгек акыларын көтөрүү жөнүндөгү Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын 11.12.2015 жылдагы токтом негизинде тарифтерин жана эмгек акыларын бекитип берүү максатында
Кош-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын 11.12.2015-жылдагы токтом негизинде тарифтерин жана эмгек акыларын бекитип берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
Кара-Саз айылы боюнча :
ИСКАКБнын башчысына - 5000 сом 12 айга
ИСКАКБнын бухгалтер санитарына - 4500 сом 12 айга
ИСКАКБнын сантехник, кароолчуга - 5000 сом 12 айга
Ар бир жан башына – 16 сомдон бекитилсин.
Кара-Күңгөй айылы боюнча : -
ИСКАКБнын башчысына - 3000 сом 12 айга
ИСКАКБнын бухгалтер - 2000 сом 12 айга
ИСКАКБнын сантехнигине -3000 сом 12 айга
ИСКАКБнын кароолчусуна – 2000 сом 12 айга
ИСКАКБнын санитарына – 1000 сом 12 айга
Ар бир жан башына – 16 сомдон бекитилсин.
2. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарындагы баардык суу чорголорун инвентаризациялоо, айлана тегерегин тазалоо суу башаттарын катуу көзөмөлдүккө алуу, хлоратор бөлмөлөрүн жана хлор салынуучу челектерди ишке киргизүү, бекитилген тарифтерди убагында чогултууга жетишүүнү камсыз кылуу жагы ИСКАКБлардын башчылары Ч.Мурсабаевага жана Ы.Мамырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бекитилген эмгек акыларды жана таза сууга төлөнүүчү тарифтерди тийиштуу мекемелерден каттоодон өткөрүү жагы ИСКАКБнын башчыларына милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |