Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 21/106
Кош-Дөбө айыл аймагынан Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуш берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылынын Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жалпы жамаатынын Кочкор районунун “ Ардактуу атуулу ” наамын берүү жөнүндө 27.11.2015-жылдагы № 1 токтомун бекитип берүү боюнча Кош-Дөбө аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылынын Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жалпы жамаатынын Кочкор районунун “Ардактуу атуулу ” наамын берүү жөнүндө 27.11.2015-жылдагы № 1 токтому бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынан көрсөтүлүп жаткан, көп жылдар бою мугалим болуп эмгектенген Эл агартуунун отличниги Осмонов Мамыркул Кочкор районунун “ Ардактуу атуулу” наамына татыктуу экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор районунун “ Ардактуу атуулу ” наамын ыйгаруу боюнча комисиядан суралсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |