Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 21/109
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агентствосу тарабынан айылды инвестициялоо долбоорунун III-этабына карата долбоордук конкурска катышуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агентствосунун айылды инвестициялоо долбоорунун III-этабына катышуу максатында Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарында айылдын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн атайын түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечимин карап Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө Айылды инвестициялоо долбооруна карата атайын түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими жактырылсын.
2. Конкурстук комиссиянын чечимин эске алуу менен Айылды инвестициялоо долбоорунун III- этабына карата 2016-жылдын I-кварталында өткөрүлчү долбоордук конкурска Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын ортосуна чоң долбооруна спорт комплекс куруу жана кичи долбооруна спорт комплекстин машыгуучу шаймандары сунушталсын.
3. Аталган Спорт комплексти жана ички машыгуучу шаймандарын Кош-Дөбө айыл аймагынын стратегиялык планына киргизилсин.
4.Спорт комплекстти куруу үчүн Кара-Куңгөй, Кара-Саз айылындарын ортосундагы кампанын маңдайынан, жолдун жээгинен узуну 40 метр туурасы 30 метр муниципалдык менчиктеги бош жаткан жер аянтчасы бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Жер, турак- жай коммуналдык маселелер жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча- башкы адис Талантбек уулу Талгарга тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |