Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/189
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы К.А.Жумабаевдин кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы К.А.Жумабаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы К.А.Жумабаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайрылууда көрсөтүлгөн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун «Тез жардам» бөлүмүн капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлсүн .
3. Ремонт иштерине керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |