Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/190
С.Чуроковдун арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну С.Чуроковдун небереси Тагаев Актан Нурмаматовичтин Бишкек шаарында онкология бөлүмүндө операция болуп, кайра-кайра химиятерапия алып жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Чуроковдун материалдык жардам сураган арызы канааттандырылсын.
2. С.Чуроковдун небереси Тагаев Актан Нурмаматовичтин Бишкек шаарында онкология бөлүмүндө операция болуп, кайра-кайра химиятерапия алып жаткандыгына байланыштуу, бизге кайрылган арызын канааттандыруу үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |