КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясы
2015-жылдын 17-декабры № 01-05/191
К.Ажиматованын арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын ардагери К.Ажиматованын учурда оорунун айынан баспай калгандыгына байланыштуу, дарыланууга материалдык жардам сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негизизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Ажиматованын материалдык жардам сураган арызы боюнча Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын билдирүүсү эске алынсын жана К.Ажиматованын арызы канааттандырылсын.
2. К.Ажиматованын учурда оорунун айынан баспай калгандыгына байланыштуу, дарыланууга материалдык жардам сураган арызын канааттандыруу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |